Кыргызстандын улуттук хоккей курама командасы дүйнө чемпионатынын II дивизионунда (В тобу) ийгиликтүү дебют жасады. Анда Болгариянын София шаарында өткөн алгачкы беттеште Болгариянын курама командасын 5:3 эсебинде жеңип алды.
Бул жеңиш өлкө үчүн маанилүү болуп, курама команда жогорку деңгээлде оюндарды ийгиликтүү баштады. Анда Ислам Абдыраев хет-трик жасап, матчтын башкы каарманына айланды.
«Бул дивизиондогу биринчи жана абдан маанилүү жеңишибиз. Биз эл аралык жогорку деңгээлде атаандаша аларын далилдедик. Алдыда бизди жаңы чакырыктар жана андан да күчтүү атаандаштар күтүп турат, бирок бул чоң жолдун башталышы. Азыр командага ар бир мекендешибиздин колдоосу абдан керек. Сиздердин ишенимиңиздер бизге акырына чейин күрөшүүгө күч-кубат берет!»- деп бирдирди команданын машыктыруучулар штабы.
Хоккей федерациясы бардык кыргызстандыктарды команданын оюндарын көз салып, социалдык тармактарда жана трибуналарда колдоого чакырат.



