Бүгүн Ата-Бейит улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 2010-жылдагы апрель окуяларында курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү.

Иш-чарага мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев жана башкалар катышты.

Катышуучулар Апрель революциясынын баатырларынын мемориалына гүлчамбар коюшуп, курман болгондордун элесине таазим кылышты. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө куран окулду.