7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жыл сайын 150 кыргызстандык Түркияда акысыз дарылана алат

19

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемаль Окем менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кыргыз-түрк кызматташтыгынын негизги маселелерин талкуулашты.

Өзгөчө көңүл кыргыз жарандарын Түркияда акысыз квоталардын негизинде дарылоого жөнөтүү программасын ишке ашырууга бурулду. Эми жыл сайын 150 квота аркылуу кыргызстандыктар Түркиянын мамлекеттик клиникаларында жогорку квалификациялуу медициналык жардамды акысыз ала алат.

Тараптар ошондой эле медициналык кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Кыргыз тарап ата мекендик адистерди Түркиянын алдыңкы клиникаларында 3 айдан 6 айга чейинки мөөнөттө стажировкадан өткөрүү программаларын мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Стажировкага жөнөтүлө турган адистердин тизмеси жакынкы аралыкта түрк тарапка жөнөтүлөт.

Мындан тышкары, органдарды трансплантациялоо жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде тажрыйба алмашуу, адистердин квалификациясын жогорулатуу жана Режеп Тайип Эрдоган атындагы Кыргыз-түрк достук ооруканасынын базасында мындан аркы өз ара аракеттенүү маселелери каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар саламаттык сактоо тармагында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экенин ырасташты.

20