7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Транспорт тармагындагы кемчиликтер сындалып, санариптештирүү жана ири жол долбоорлорду ыкчамдатуу тапшырылды

291
Министр Талантбек Солтобаевдин жетекчилиги алдында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кезектеги аппараттык жыйыны өттү.
Жыйынга министрдин орун басарлары, бөлүм башчылар, министрликке караштуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери жана мекеме-ишканалардын башчылары, ошондой эле онлайн форматта Жол тейлөө ишканаларынын жетекчилери катышты.
Жооптуу жетекчилерден өткөн жыйында берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча маалымат алган Министр “Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинен башка ишканаларда иш системалык түрдө жүрбөй жаткандыгын айтып сындады.
Жыйындын жүрүшүндө иш кагаздарынан арылып, санариптештирүүгө өтүүнү ыкчамдатуу, Түндүк-Түштүк жолунун ачылышына карата максималдуу даярдык иштерин жүргүзүү, Чүй облусунда курула турган 4 ири жолдун планын кыска мөөнөттө бекитилиши боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.
Мындан тышкары, жаздын келиши менен сел жүрүү коркунучтарынын алдын алуу боюнча ӨКМ жана жергиликтүү бийликтер менен алдын ала иштерди алып барууну тапшырды.
Жыйында ошондой эле, “Жашыл мурас” долбоорунун алкагында сейил бактарын уюштуруу тапшырмасынын аткарылышы кечеңдеп жатканы белгиленип, аткарбаган жетекчилерге чара көрүлөөрү эскертилди.
292