7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа курортуна баруучу жол быйыл бүтөт

14

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа курортуна алып баруучу жолду куруу иштери жанданды.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, Жыргалаң айылынан курортко чейинки 8,5 чакырым аралыктагы айланма жолдо жер жумуштары аткарылууда.

Ошондой эле суу өткөрүүчү өтмөктөрдү куруу боюнча даярдык иштери да жүргүзүлүүдө.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча, Каракол шаарынан курортко чейин жаңы 2-4 тилкелүү заманбап унаа жолу салынат. Ал эми каржылоо «Мамлекеттик капиталдык салымдар» беренесинин алкагында камсыздалган.

Долбоорго ылайык, жолдун негизи толук даярдалып, асфальт төшөлүп, үстүбүздөгү жылы колдонууга берилери күтүлүүдө.

Долбоор аймактагы туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө жана транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртууга чоң салым кошот.

Белгилей кетсек, Жыргалаңда кыш 7 айга созулгандыктан, азыркы учурда күн жылып, жол куруу сезону эми башталды.

15