7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балыкчыда синтетикалык баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу кылмыштуу топ кармалды

206

Балыкчы шаарында синтетикалык баңгизаттарды мыйзамсыз саткан кылмыштуу топ кармалды.

Март айында “спайс” колдонуудан улам төрт уулануу фактысы аныкталып, алардын бири өлүм менен коштолгон.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ага ылайык, 21 жаштагы А.М.Т. аттуу жаран 5 грамм “спайс” менен кармалган. Анын жогорудагы фактыларга тиешеси бар экени аныкталган.

Ошондой эле Бишкектен дагы 23 жаштагы эки жаран 30 грамм синтетикалык баңгизатты сатууга аракет кылып жаткан учурда колго түшкөн.

Тергөөдө кылмыштуу топтун уюштуруучусу катары 25 жаштагы У.Р.С. аныкталган. Анын үйүн тинтүү учурунда синтетикалык баңгизаттарды даярдоочу кичи лаборатория табылып, жалпы 1 кг 505 гр синтетикалык зат, жабдуулар жана башка керектүү каражаттар алынган.

Учурда шектүүлөр камакка алынып, тергөө уланууда.

207