7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Бишкек Арена” стадионунун 90%ы бүттү. Жанында заманбап соода борбору курулууда

228

Бишкек шаарында курулуп жаткан “Бишкек Арена” стадионунун негизги курулуш иштери дээрлик 90 пайызга аяктады. Бул тууралуу Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, аталган объект Борбор Азиядагы эң ири спорттук курулуштардын бири болуп саналат. Мындай масштабдагы стадионду туруктуу тейлөө жана кармоо олуттуу каржылык чыгымдарды талап кылат.

Ушуга байланыштуу, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен стадиондун аймагында “Bishkek Arena Mall” аталышындагы заманбап соода борбору курулууда. Бул долбоор стадиондун инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана анын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга багытталган.

Белгиленгендей, соода борбордон түшкөн киреше “Бишкек Арена” стадионун кармоого, тейлөөгө жана анын инфраструктурасын жакшыртууга жумшалат. Мындай ыкма мамлекеттик бюджетке кошумча жүк жаратпай, объекттин өз алдынча туруктуу иштөөсүнө шарт түзөт.

Мындан тышкары, “Bishkek Arena Mall” соода борборунун жайгашкан жери ыңгайлуу жана келечектүү локация катары бааланууда. Долбоордо шаардагы соода борборлорго мүнөздүү болгон унаа токтотуучу жайлардын жетишсиздиги маселеси да эске алынган. Натыйжада, келүүчүлөр жана ижарачылар үчүн кеңири жана жетиштүү унаа токтотуучу жай каралган.

Соода жайларын сатып алуу жана кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү байланыш номерлерине кайрылууга болот:

📞 0771 771 772
📞 0502 771 772
📞 0556 771 772

229