7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адылбек Касымалиев Айыл чарба министрлигине 63 техника тапшырды

216

Бүгүн, 8-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине 63 даана атайын техниканын ачкычтарын тапшырды.

Белгилей кетсек, 40 даана техника — мамлекеттик бюджеттин эсебинен алынды, ага 128 млн сом жумшалды. Ал эми, калган 23 даана техника – эл аралык институттардын колдоосу менен алынды. Атайын техникалар Айыл чарба министрлигинин райондук суу чарба башкармалыктарына берилет.

Адылбек Касымалиев Президенттин жана жалпы Министрлер Кабинетинин атынан  тармактын жаңы техникалуу болушу менен куттуктап, өлкө жетекчилиги ирригацияга өзгөчө көңүл буруп, мамлекеттик колдоону ар тараптан жогорулатып келе жатканын белгиледи.

2026-жылга чейин 5 270 гектар аянтка тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системаларын орнотуу пландалууда. Президенттин тапшырмасына ылайык, 2030-жылга чейин мындай системаларды 200 миң гектар жерге киргизүү милдети коюлган.

217