7-апрелде Бишкек шаарында Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде Range Rover үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Айдоочу мас абалда болгон.
Анын айтымында, рулга аны достору отургузган. Алгач айдоочу документтерин көрсөтүүдөн баш тарткан, бирок түшүндүрүү иштеринен кийин укук коргоо кызматкерлерине тапшырган. Наркологиялык текшерүү алкоголдук ичимдик колдонгонун тастыктаган. Унаа айып короосуна токтотулуп, айдоочуга карата административдик протокол түзүлдү.
«Урматтуу айдоочулар! Мас абалда унаа башкаруу жол кырсыктарынын тобокелдигин жогорулатып, реакцияны жайлатат. Өзүңүздү жана башкаларды сактаңыз — мас абалда рулга отурбаңыз», -деп эскертет Бишкек шаардык Патрулдук кызматынан.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



