7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте “Плюшкин синдрому” бар үйлөр текшерүүгө алынды

195

Бишкек шаарынын Октябрь административдик району боюнча мэриянын муниципалдык администрациясы тарабынан тиешелүү кызматтар менен биргеликте көчмө текшерүү уюштурулду.

Иш-чарага мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери, Муниципалдык инспекция жана №404 МТУнун өкүлдөрү катышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө буга чейин аныкталган даректер каралып, анда “Плюшкин синдрому” менен жабыркаган жарандар жашаган үйлөр текшерилди. Бул психологиялык абал ашыкча буюмдарды жана тиричилик калдыктарын топтоого алып келип, антисанитардык шарттарды жаратарын адистер белгилешет.

Шаар аймагын көрктөндүрүү эрежелерин сактоо максатында үй ээлерине санитардык тазалоо иштерин жүргүзүү жана аймакты талапка ылайык келтирүү боюнча эскертүүлөр берилди.

Белгиленген талаптар аткарылбаган учурда муниципалдык администрация тарабынан тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилип, мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

196