19-22-апрель күндөрү Бишкек шаарынынын Дөлөн Өмүрзаков стадионунда Чакырык лигасынын чейрек жана жарым финалдык беттештери өтөт.
Алгач, чейрек финалда ата мекендик «Мурас Юнайтед» клубу Ливандын «Аль-Ансар» клубу менен, ал эми Омандын «Аль-Шахаб» клубу Кувейттин «Кувейт SC» клубу менен
беттешет. 22-мартта жарым финалдык беттеш өтүп, анда чейрек финалдык оюндарда жеңүүчү аталган командалар кез келет.
Эске салсак, бул беттештер мартта орун алмак, бирок Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам АФК лиганын батыш зонасында пландалган бардык беттештерди жылдырылды. Жалпысынан АФК Чакырык Лигасынын тайпалык баскычына 20 клуб катышып, алар Батыш жана Чыгыш аймактарына бөлүнгөн. Батыш зонасынан үч тайпанын жеңүүчүлөрү жана мыкты көрсөткүчкө ээ болгон экинчи орундагы команда кийинки плей-офф баскычына чыккан.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



