7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жергиликтүү соттордун 200гө жакын судьясы окуудан өтүүдө

23

Жергиликтүү соттордун 200гө жакын судьясы “Судьянын коммуникативдик компетенттүүлүгү: сөз, үн жана диалог маданияты” аттуу тренингге катышты. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган окуу судьялардын коом, процесстин катышуучулары менен жана жалпы эле сот процессинде натыйжалуу коммуникация жүргүзүү жөндөмдөрүн өнүктүрүү максатында өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө судьянын сөз маданиятына, так жана түшүнүктүү сүйлөөнүн маанисине өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар юридикалык тилди жөнөкөйлөтүү, ойду так жеткирүү, ошондой эле сүйлөөдө кетирилген типтүү каталарды аныктоо боюнча практикалык тапшырмаларды аткарышты.

Практикалык бөлүгүндө катышуучулар дем алуу, дикция жана интонация боюнча көнүгүүлөрдү аткарышты.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында ишеним психологиясы жана чечим кабыл алууга таасир эткен факторлор тууралуу маселелер талкууланып, судьянын образы жана биринчи таасир калтыруунун ролу боюнча кеңири маалымат берилди.

Тренингди жазуучу, редактор жана журналист Актилек Гүлжигит кызы өткөрүп, катышуучулар менен интерактивдүү форматта пикир алмашуу жүргүздү.

24