Бүгүн Ош шаарына Кыргызстандын туңгуч космонавты Салижан Шарипов иш сапары менен барды. Бул тууралуу Ош мэриясы билдирди.
Маалым болгондой, ал Ю. Гагарин жана В. Терешкова атындагы орто мектептердин окуучулары менен жолугушту.
Салижан Шариповду мэрдин орун басары Масуда Айдарбекова, Россиянын Ош шаарындагы башкы консулу Роман Свистин, билим берүү тармагынын өкүлдөрү жана окуучулар тосуп алышты.
Иш-чарада Шарипов балалык кыялы, космосту багындырууга болгон аракеттери, космостук учуулары жана жеткен ийгиликтери менен бөлүшүп, окуучуларга алдыга койгон максаттарына умтулууну сунуштап, кыялдарынын орундалышына тилектештигин билдирди.



