7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров Чоң-Алай районундагы “Кара-Мык” чек ара бекетине барды

5

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-апрелде, Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында “Кара-Мык” чек ара бекетинин инфратүзүмүн жакшыртуу долбоору менен таанышты.

Мамлекет башчысына объекттин социалдык жана инженердик инфраструктурасын модернизациялоого багытталган чаралар комплекси этап-этабы менен ишке ашырылып жатканы тууралуу маалымат берилди. Тактап айтканда, өздүк курамдын кызмат өтөө жана жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган бир катар объекттер пайдаланууга берилген. Алардын катарына кызматтык турак жайлар, бала бакча, ошондой эле жашоо-тиричиликти камсыздоочу жана коммуналдык инфраструктура объекттери кирет.

Азыркы учурда долбоордун кийинки баскычы уланууда. Анда кошумча аскердик жана чарбалык багыттагы объекттерди куруу жана модернизациялоо, ошондой эле мурдагы имараттарды жаңылоо каралган. Бардык иштерди ушул жылдын ичинде аяктоо пландалууда.

Чек ара бекетин кыдыруунун жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров жаңы объекттердин курулушуна баштап берип, имараттардын биринин пайдубалына алгачкы курулуш аралашмасын куйду.

Ошондой эле Мамлекет башчысы өткөн жылы курулган турак жайда аскер кызматкерлеринин жашоо шарттары менен таанышып, түзүлгөн тиричилик шарттарына баа берди.

Иш сапардын соңунда Садыр Жапаров чек арачылардын үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашып, алардын жашоо шарттары жана аскер кызматкерлеринин айлык маянасы боюнча маселелерге көңүл бурду.

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик чек арада кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлери үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, чек ара бөлүктөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо улуттук коопсуздук жаатындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин айтты.

6