Коомдук тартипти бузуп, башка айдоочуларга коркунуч жараткан жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын МККБнын басма-сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын МККБнын ишеним телефонуна BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу тарабынан жол кыймылынын эрежелерин бузуу тууралуу арыз келип түшкөн.
Такталган маалымат боюнча, айдоочу автоээнбаштык аракеттерди жасап, жол кыймылынын башка катышуучуларына коркунуч жараткан. Унаа айып короосуна токтотулуп, айдоочуга карата тиешелүү протоколдор түзүлгөн.



