5 жылдыздуу мейманкананын курулуш иштери башталды
15
Жыргалаңда Ала-Тоо Резорт долбоорунун алкагында 5 жылдыздуу мейманкананын курулушу расмий түрдө башталды.
Бул лот аукциондун биринчи этабында ийгиликтүү сатылып, бүгүнкү күндө иш жүзүндө ишке ашырылууда. Учурда курулуш аянтчасында активдүү иштер жүрүүдө: котлован казуу иштери башталып, дүйнөлүк деңгээлдеги 5 жылдыздуу мейманкананын пайдубалы түптөлүп жатат.️
Бул — долбоордун жогорку динамикасын айкын көрсөтөт. Лоттордун сатылышынан тартып, кыска мөөнөттө реалдуу курулуш иштерине өтүү — биздин негизги артыкчылыгыбыз.
Ала-Тоо Резорт долбоорунун масштабы — бул жөн гана пландар эмес, бүгүнтөн баштап калыптанып жаткан Кыргызстандагы жаңы туристтик кластер.