Президент Садыр Жапаровдун өлкөнү жашылдандыруу демилгесин колдоо максатында Шумкар-Уя айыл аймагында бүгүн 5000 түп ак кайың көчөтү отургузулду.
«Жашыл Мурас» өнөктүгүнө Талас районунун акими Байышбек Астанакулов жана Шумкар-Уя айылдык кеңешинин төрагасы Алтынбек Борукеев баштаган аймактагы депутаттар, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, мектеп, муниципалдык ишканалардын жана башка мекемелердин эмгек жамааттары активдүү катышып, көчөт олтургузууга өзгөчө салым кошушту.
Жалпы 300 адамдын аракети менен 5 гектар жер көрктөндүрүлдү. Жашылдандырууга жергиликтүү бюджеттен 1 млн сом каржыланды.
Буга чейин 2024-жылы 5000, 2025-жылы 5000 кайың тигилген. Бүгүн дагы кошумча 5000 кайың көчөтү отургузулуп, жалпы 15 гектар жер жашылдандырылды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



