7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Онго жакын мүрзөнүн тосмолорун уурдаган жарандар кармалды

2017

Нарын облусунун аймагындагы 15 чакты кудуктун капкактарын жана онго чукул мүрзөнүн тосмолорун уурдаган жарандар кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-апрелге караган түнү Нарын ШИИБге «Нарын-суу канал» ишканасына тийиштүү кудуктун 4 даана капкагы белгисиз адамдар тарабынан уурдалды деген билдирүү менен аталган ишкананын директору кайрылган. Билдирүү Нарын ШИИБи тарабынан каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Нарын районунун 1989-жылы туулган К.А. аттуу тургуну менен 1988-жылы туулган М.Ж. кармалып, күнөөлөрүн мойнуна алышкан.

Мындан сырткары, Нарын облусунун аймагында жайгашкан мүрзөлөрдүн чугундарын, чынжырларын жана тосмолорун жашыруун түрдө уурдап кетишкенин ырасташкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2018