Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Кыргызстандын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкөдөгү эпидемиологиялык абал акыркы жумада өзгөрүлүп, күнүнө COVID-19 чалдыккандардын саны 400 учурга жеткен.
«Өлкөдө аталган вирустун жаңы штаммдары катталууда. Баардык иш-аракеттер кайталоолорду четтетүү үчүн так координацияланышы кажет. COVID-19 кабылгандардын саны Бишкек шаарында байкалып жаткандыгын эске алуу менен, медиктердин мобилдик бригадаларынын санын 20дан 25 ке чейин жогорулатуу, кошумча Медициналык тез жардамдарды ишке киргизип, келерки жумадан тарта кошумча стационарларды ачуу зарыл», — деди биринчи вице-премьер-министр.