7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта биринчи жолу “Беш-Таш” жаратылыш паркында аркан жол курулат

7

Талас облусунун тарыхында биринчи жолу президент Садыр Жапаровдун колдоосу жана бөлүнгөн мамлекеттик каражаттын негизинде, Талас районундагы “Беш-Таш” мамлекеттик жаратылыш паркында заманбап туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган ири долбоор ишке ашырыла баштайт. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев билдирди.

“Талас районунда жайгашкан “Беш-Таш” мамлекетик жаратылыш паркында аркан жолдорун куруу иштерин баштоого, Кытайлык “Zumsun” компаниясы менен үч тараптуу келишимге расмий түрдө кол коюштук. Июнь айында аркан жолдун курулуш иштери башталат. Натыйжада, “Беш-Таш” эс алуу борборунда узундугу 1 чакырым 380 метр болгон аркан жол, эс алуучулар үчүн атайын айнектен жасалган байкоо аянтчалары, кафе-ресторан жана A-frame үлгүсүндөгү үйлөр курулат. Мындан тышкары Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан Талас шаарынан “Беш-Таш” эс алуу борборуна чейинки 20 чакырым жолго асфальт төшөлүп, бардык зарыл болгон инфраструктура курулат”, деп билдирди Эрмат Джумаев.

Ошондой эле келечекте зиплайн жана родельбан орнотууну пландалууда. Келечекте аталган долбоорду ишке ашса “Беш-Таш” өрөнүү туризмдин чордонуна айланат.

8