19-май күнү Бишкектеги Радищев–Карасаев көчөлөрүндөгү 14 кабаттуу үйдүн курулушунда өрт чыкты. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, текшерүүдө опалубка конструкциялары күйгөнү аныкталып, өрт ширетүү иштеринен улам чыккан.
Коопсуздук талаптарын сактабагандыгы үчүн “Олимп Дружба” ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынып, курулуш иштери убактылуу токтотулду.
Курулуш министрлиги курулуш объектилериндеги коопсуздук ченемдеринин сакталышын көзөмөлдөөнү улантат жана бардык компанияларды белгиленген талаптарды так аткарууга чакырат.



