Эл аралык «Манас» аэропортунда ички каттамдарды каттоо тартиби убактылуу өзгөрдү. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, курулуш иштерине байланыштуу аэропорттун чыгыш тарабы жүргүнчүлөр үчүн жабылып, каттоо терминалдын 2-кабатында жүргүзүлүүдө.
Жүргүнчүлөргө каттамга кечикпөө үчүн аэропортко алдын ала келүү сунушталат.



