Кыргызстан кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө Европа конвенциясына кошулуу боюнча расмий чакыруу алды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалым болгондой, бул чечим чет мамлекеттер менен кылмыш иштери боюнча өз ара жардам көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана кылмыштуу активдерди издөө мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүгө өбөлгө түзөт.
Ошондой эле Страсбург шаарында өтүп жаткан PC-OC комитетинин 89-пленардык жыйынында Башкы прокуратуранын өкүлү соттолгон адамдарды өткөрүп берүү маселелери боюнча жумушчу топтун курамына киргизилди.



