7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан боюнча 25-31-майга карата аба ырайы

11
Кыргыз гидрометеорология кызматы 25-31-майга карата аба ырайын маалымдайт.
25-майдан 28-майга чейин түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
27-майда түнкүсүн жана күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
29-31-май күндөрү түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.

Талас облусу

25-майдан 28-майга чейин түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
29-майда күн ачык болот.
30-31- майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.
Ош жана Жалал-Абад облустары
25-майда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
26-майда түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
27-28-майда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
29-31-май күндөрү түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.

Баткен облусу

25-31-май күндөрү түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. 29-30-майда күн ачык болот.
31-майда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.
Ысык-Көл облусу
25-26-майда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
27-28-майда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
29-майдан 31-майга чейин да ушундай эле аба ырайы болот. Болгону бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Нарын облусу
25-майдан 28-май аралыгында түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
29-30-майда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
30-31-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
12