Эс алуу күндөрү жол коопсуздугу көзөмөлдө
9
Эс алуу күндөрү борбор калаанын тургундары жана коноктору тоолуу аймактарга эс алууга чыгышкандыктан, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында ЖКККББ кызматкерлери Бишкек шаарынын кире бериш жана чыга бериш аймактарында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.
ЖКККББ кызматкерлери Аламүдүн районунун аймагында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүп, фильтрациялык посттор коюлган.
Негизги максат — жол кырсыктарын алдын алуу, жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо жана жол эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө болду.
Айдоочулар менен жол эрежелерин так сактоо, ылдамдыкты ашырбоо, каршы тилкеге чыкпоо жана чарчаган абалда унаа башкарбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.