Токмокто акциздик маркасы жок тамекилер сакталган кампа аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдирди.
Кампаны текшерүү учурунда ар кандай аталыштагы 1 миң 683 куту тамеки табылган, алардын жалпы баасы 200 миң сомдон ашат.
Бул факты боюнча рейддик салыктык контролдун актылары түзүлдү. Эми мыйзамга ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.



