Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен үстүбүздөгү жылдын 11-13-июнунда Грузиянын Премьер-министри Ираклий Кобахидзенин Кыргыз Республикасына биринчи расмий сапары болот.
Сапардын алкагында сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-грузин эки жактуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, анын ичинде өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактардагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана кеңейтүү келечегин талкуулашат.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасы менен Грузиянын ортосундагы укуктук базаны жана практикалык өз ара аракеттенүүнү чыңдоого багытталган эки тараптуу документтердин топтомуна кол коюлат.
Алдыдагы сапар тарыхый мааниге ээ жана эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн берки Грузия Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасына болгон биринчи расмий сапары болуп калат.




