10-июнда саат 17:26да Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдирди.
Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу Казакстандын аймагында жайгашып, күчү 3 баллга жеткен.
Ошондой эле, Ысык-Көлдүн Ананьево айылынан түндүк-чыгышка карай 50 чакырым жана Каракол шаарынан түндүк-батышка карай 55 чакырым аралыкта да жайгашкан.
Кыргызстандын калкттуу пункттарында жердин силкинүүсү сезилген эмес.



