Бишкектеги катуу шамалда дарак кулап, андан 23 жаштагы кыз жабыркаган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Маалыматка караганда, кырсык Эркиндик бульвары менен Москва көчөсүнүн кесилишинде болгон. Кыздын акыреги сынып кеткени айтылды.
Кечээ, 10-июнда Бишкек менен Чүй облусунда чаң сапырган катуу шамал болуп, бир нече бак кулаган.



