7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандык жаш таланттар Ташкентте баш байгелерди багындырды

5

Ташкент шаарында өткөн «Узоры Азии» эл аралык фестиваль-конкурсунда Токтогул районунун жаш өнөрпоздору ийгиликтүү катышып, бир катар Гран-при сыйлыктарын жеңип алышты.

Анда «Чайкама», «Миң кыял» комузчулар ансамблдери, «Ботой» фольклордук ансамбли жана «Селкинчек» ооз комузчулар ансамбли Гран-приге татыктуу болушту. Ошондой эле жеке аткаруучу Ашымова Сумая да баш байгени жеңип алды.

Бул ийгиликтер жаш таланттардын чыгармачылык дараметин жана улуттук маданияттын өнүгүп жатканын айгинелейт.

Токтогул районунун акими У.О. Самаев жеңүүчүлөрдү куттуктап, аларга мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

6