7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жазуучунун жубайы Сабира Турсункулованын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат

877

Кечээ, 27-апрелде 84 жаш курагында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ардагери, улуу жазуучу Бексултан Жакиевдин жубайы Сабира Турсункулова дүйнөдөн кайтты.

Сабира Турсункулова 1937-жылдын 10-мартында Талас облусунун Талас районуна караштуу Көк-Ой айылында туулган.

  • 1956-1961-жылдары Кыргыз Мамлекеттик университетинин Экономика факультетинин аяктаган.
  • 1961-жылы Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинде экономикалык пландоо бөлүмүндө экономист, жетектөөчү адис катары баштап, 2016-жылга чейин бир кызматта үзүрлүү эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан.
  • 1981-жылы «Эмгек ардагери» медалы, 1995-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы,
  • 2002-жылы Финансы-экономикалык кызматынын отличниги,
  • 2006-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамы ыйгарылган.

Маркум менен коштошуу бүгүн, 28-апрелде саат 09.00дө Токтогул жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүндө болот. Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

878