Кыргызстандын туңгүч президенти Аскар Акаев, чогуу иштеп, табышмактуу жол кырсыгынан каза тапкан премьер-министри Насирдин Исанов тууралуу пикирин айтты.
Эгер Насирдин Исанов тирүү болгондо бери дегенде 10 жыл чогуу иштемекпиз деген оюн «Автор ТВ» интернет платформасына билдирген.
«-«Кум-Төр» алтын кенин иштетээрде көп компаниялар өзүн-өзү актабайт экен деп, келгиси келген эмес. Ошондо Чыңгыз ага (Айтматов) Бриштейт деген Канадалык ишкер менен таанышып, ал «Комека»-деген компанияны Кыргызстанга келип иштөөгө көндүрүп бермек болгон. Аны мага премьер-министрим Насирдин Исанов ээрчитип келген.
Алар чогуу барып, Кум-Төрдү көрмөк болуп жатканда, автокырсык болуп Исанов көз жумуп калды. Эгер ал киши тирүү болгондо бери дегенде акыркы 10 жыл сөзсүз чогуу иштемекпиз. Менин биринчи премьер-министрим болду,аябай жакшы адам эле, мүнөзүбүз да окшош. Ал кишини ушунчалык терең сыйлачуумун. Исановдун өлүмү жалпы кыргыз элү үчүн да, мен үчүн да оор жоготуу болду.
Ошондон кийин көп ушактарды чыгарышты. Исанов каршы болгон экен, анан Акаев андан айрылуу үчүн жасады деп. Бир дагы далил факты жок. Ошол 90-жылдардан эле мени кетирүү үчүң Коммунисттер ыплас ушактарды таратып башташкан«-деди Акаев.