Бишкек шаарындагы №54 орто мектебинин жанында жайгашкан сейил бакты реконструкциялоо жана көрктөндүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалым болгондой, жалпы аянты 1,3 гектар болгон аймак толугу менен жаңыланып, шаар тургундары жана коноктору үчүн заманбап эс алуу жайына айланат.
Долбоордун алкагында эс алуу зоналары, балдар жана воркаут аянтчалары, амфитеатр, жөө жана велосипед жолдору, ошондой эле унаа токтотуучу жай курулат.
Мындан тышкары, учурдагы бак-дарактардын негизги бөлүгү сакталып, автоматтык сугаруу системасы орнотулат. Жашыл көчөттөрдү сугаруу үчүн скважина казылып, жергиликтүү климатка ылайык жаңы бак-дарактар жана декоративдүү өсүмдүктөр отургузулат. Жашылдандыруу аянты 5 миң 64 чарчы метрди түзөт.
Учурда объектте брусчатка төшөө жана асфальт-бетон жабуусун куруу иштери жүрүүдө.
Ошондой эле сейил бакка заманбап жарыктандыруу системалары, отургучтар, таштанды челектери жана көлөкө берүүчү конструкциялар орнотулат. Бардык көрктөндүрүү элементтери бирдиктүү архитектуралык стилде жасалары белгиленди.



