Талас шаарында жаңыланган төрт көчө салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу Президенттин аймактагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалым болгондой, алар:
- Шекербек Шеркулов көчөсү – 1300 метр аралыкта толук реконструкцияланды;
- Өзүбек Шамбетов көчөсү – 622 метр аралык капиталдык оңдоодон өткөрүлдү;
- Ж.Мырзалиев көчөсү – 1276 метр аралык заманбап талаптарга ылайык жаңыланды;
- Ислам Сарыгулов көчөсү – Бердике Баатыр көчөсүнөн Асанбек Оторбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү толук реконструкцияланып, пайдаланууга берилди.
Белгиленгендей, жаңыланган көчөлөр шаар тургундары үчүн коопсуз, ыңгайлуу шарттарды түзүп, Талас шаарынын өнүгүүсүнө чоң салым кошот.



