7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын Екатеринбургдагы башкы консулу кызматынан кетти

14

Максат Тентимишов Кыргызстандын Екатеринбургдагы башкы консулу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин сайтына жарыяланды.

«Кабыл алынган чечимге ылайык, Тентимишов Максат Ишенбекович Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу кызматынан бошотулду», — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, Максат Тентимишов КРнын башкы консулу постуна 2024-жылдын 3-июнунда президенттин жарлыгы менен дайындалган. Документте ал Пермь крайы, Россия Федерациясынын Свердлов, Челябинск, Курган жана Тюмень облустарынын аймактарын камтыган консулдук округу менен Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу болуп дайындалганы белгиленген.

15