Бүгүн, 11-июлда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
Маалым болгондой, Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болот.
Аймактарда абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +17… +22, күндүз +33… +38;
- Талас жергесинде түнкүсүн +15… +20, күндүз +30… +35;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19… +24, күндүз +33… +38;
- Нарын аймагында түнкүсүн +8… +13, күндүз +23… +28;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11… +16, күндүз +24… +29;
- Бишкек шаарында түнкүсүн +19… +21, күндүз +35… +37 градус ысыйт.



