Бүгүн, 11-июлда саат 10:30 чамасында Бишкек шаарынын Фучик көчөсү 38 дарегинде жайгашкан 12 кабаттуу турак жайдын курулуш объектисинде өрт чыкты.
Маалым болгондой, имараттын сегизинчи кабатында ширетүү иштери жүрүп жаткан учурда 5 литрлик эриткич (уайт-спирит) күйүп кеткен. Өрт өз убагында толук өчүрүлүп, жабыркагандар болгон жок.
Окуя боюнча Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин адистери тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан «Приемум Хом» ЖЧКсына курулуш аянтчасында коопсуздук талаптарын күчөтүү жана өрт коопсуздугунун талаптарын так сактоо боюнча эскертүү берилди.
Ошондой эле протокол түзүлүп, 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.



