№203 каттамдын айдоочусу эки жүргүнчүдөн 20 сомдон накталай акча алганы үчүн кызматтан бошотулду. Бул маалымат видеокөзөмөл камералары аркылуу текшерилип, факты толугу менен тастыкталган.
«Бишкек шаардык транспорт» МИ дагы бир жолу бардык айдоочуларга кайрылат: коомдук транспортто жол кире накталай эмес төлөнөт. Жүргүнчүлөрдөн накталай акча алууга тыюу салынат.



