Ысык-Көл облусундагы «Бостон» пансионатынын тушунда үрөй учурган жол кырсыгынан 8 жаштагы тестиер каза болуп, дагы үч адам жаракат алды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.
Маалыматка ылайык, каргашалуу кырсык кечээ, 3-августта, болгон. Алдын ала маалымат боюнча, «Фольксваген Гольф-2» жана «Шевроле Монза» автоунаалары сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен сегиз жашар бала окуя болгон жерде көз жуумп, «Гольфтун» айдоочусу менен дагы эки киши ооруканага жеткирилген.