7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алагөзов: Кыргызстанда бир да чет мамлекеттин куралдуу күчтөрү же түзүмдөрү жок

18

Социалдык тармакта өлкө аймагында чет элдик куралдуу жеке аскердик компания кызмат көрсөтөт деген видео тараган. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов бул чындыкка дал келбей турганын айтты.

Ал билдиргендей, бир дагы чет өлкөлүк жаран курал алып өлкө аймагында кандайдыр бир обьект кайтарбайт. Ага мыйзамдар да жол бербейт.

“Мен толук жоопкерчилик менен айтып коеюн, Кыргызстандын аймагында бир да чет мамлекеттин куралдуу күчтөрү же түзүмдөрү жок. Болушу да мүмкүн эмес.Өлкө аймагындагы кен казуубу же башка биргелешкен чоң-чоң долбоорлор болобу, аларды иштетүүдөгү коопсуздукту өзүбүздүн милиция кызматкерлери же жеке күзөт кызматтары камсыз кылат” – деп жазды ал Фейсбуктагы баракчасына.

Алагөзов маалымдагандай, бүгүнкү күндө ЖККУнун мүчөсү катары кабыл алган эл аралык милдеттенмелердин алкагында гана Канттагы Россиялык бирдиктүү аскердик объект иш алып барат.

“Ал эми видеодо сүйлөп жаткан Айдарбек Раев 2024-жылы Американын жарандыгын алыптыр. Ал жакта жатып алып жомок токубай, бул жактагы туугандарынан деле сурап койсо болмок экен. Көрүнүп тургандай, Кыргызстандын өнүгүүсүн каалабаган сырткы күчтөр бар. Айдарбектей балдар өздөрү билип-билбей, түшүнүп-түшүнбөй мына ошондой күчтөрдүн куралына айланууда. Бийлик мызамдуу жоопко тарта баштаса “мени жөн эле жоопко тартып атат” деген сөздөрдү айта башташат”— деп жазган Алагөзов.

Ошондой эле, ал элди жалган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды.

19