7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө маркумдун сөөгүн өрттөөгө тыюу салынды

15

Кыргызстанда маркумдарды кремациялоого (сөөктү өрттөөгө) тыюу салынды. Тиешелүү мыйзамга өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.

Жаңы өзгөртүүлөр боюнча, маркумдардын сөөгүн, ошондой эле түйүлдүктөрдү өрттөөгө тыюу салынды. Ал эми ички иштер органдары тарабынан тек-жайы аныкталбаган жана өлүкканада бир топко жатып калган, сурап алары жок сөөктөр жерге гана көмүлөт. Бирок медициналык процедуралардан кийин калган органдар жана ткандар өрттөлүшү мүмкүн.

Крематорийлер медициналык биологиялык объектилерди санитардык жол менен жок кылуучу атайын жай катары аныкталып , аларды бюджеттин же жеке инвесторлордун каражатына курууга болот.

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен депутат Болот Сагынаев демилгелеген мыйзам долбоорун парламент 25-июнда кабыл алган.

16