7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Касымалиев: Ысык-Көлдөгү айланма жол 2-3 жылда толук бүтөт

16

Ысык-Көл облусу туристтик аймактан тышкары ири эл аралык иш-чараларды өткөрүүчү борборго айланып бара жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Кабар подкастка» берген маегинде билдирди.

Касымалиевдин айтымында, жакынкы күндөрдө Чолпон-Атада Борбор Азия жана Азербайжан мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусу, ошондой эле суу-мотор спорту боюнча дүйнө чемпионатынын этабы сыяктуу эл аралык иш-чаралар өткөрүлүп, бул аймактын инфраструктурасына болгон талапты күчөттү.

Минкаб төрагасы белгилегендей, учурда Ысык-Көлдүн айланма жолун жаңылоо иштери этап-этабы менен жүргүзүлүүдө. Корумду айылынан Балбай баатыр айылына чейинки жол бүткөрүлүп, жакын арада Балбай баатырдан Каракол шаарына чейинки тилкенин курулушу башталат. Андан соң Каракол – Барскоон жана Барскоон – Балыкчы багытындагы жолдор жаңыланып, 2-3 жыл ичинде көлдү айланган жолду толук бүтүрүү пландалууда.

Мындан тышкары, Касымалиев Чолпон-Ата шаарына чейин темир жол куруу долбоору да каралып жатканын айтты.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы ири иш-чаралар учурунда коопсуздукту камсыздоо максатында киргизилген жол чектөөлөрүнө байланыштуу туристтерден жана жергиликтүү тургундардан жаралган убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурады.

Минкаб башчысынын айтымында, жаңы айланма жолдор келечекте унаа тыгындарын кыйла азайтууга мүмкүндүк берет.

17