Кечээ, 4-августта Бишкек шаарында милицияга 25тен ашуун жаран кайрылып, С.Н. аттуу жаран авиабилет алып берүү шылтоосу менен алардын ар биринен акча алып, өз милдеттенмесин аткарбай койгонун билдиришкен. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Баштапкы маалыматтарга ылайык, келтирилген материалдык чыгымдын жалпы суммасы болжол менен 2 миллион 100 миң сомду түзөт.
Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1993-жылы туулган С.Н. аттуу жаран шектүү катары кармалып, Бишкек шаардык ИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.
Таэквондо федерациясынын вице-президенти Сардор Рахимшаихов 4-августтагы билдирүүсүндө С.Н. аттуу аял авиабилет алып берүү убадасы менен алардан акча алып, алдап кеткенин айтып чыгышкан. Таэквондо боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Монголияда өтө турган Азия чемпионатына катышпай калуу коркунучунда турганы айтылган. Акча которулганы менен жооптуу адам авиабилеттерди алган эмес жана спортчулар уча албай калышкан.



