7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

171 млн сомдук зыян: Жыргалаң жана Каркыра жолдорунун курулушу боюнча кылмыш иши козголду

11

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра-Турук-Сары-Жаз жолуна шагыл төшөөдө жана Ак-Суу районундагы Жыргалан лыжа базасына баруучу жолду курууда өлкө казынасына 171 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады.

Маалыматка ылайык, жооптуу кызматкерлер мыйзам бузуу менен “Д.Т.” ЖЧКсынын кызыкчылыгын көздөгөн. Тактап айтканда, аталган компанияга тиешелүү кепилдик жана аткарылган иштердин көлөмүн ырастаган документтер жок болгонуна карабай бюджеттик каражаттар которулган.

“Өз кезегинде «Д.Т.» ЖЧКсы алынган каражаттарды жол курууга жумшаган эмес. Натыйжада мамлекетке 171 млн сомдон ашык зыян келтирилген”— деп айтылат билдирүүдө.

Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуп жиберүү) менен эки кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

12