Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын бийик тоолуу аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Өлкөнүн башка аймактарында күн ачык болот.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13… +18, күндүз +29… +34, Талас жергесинде түнкүсүн +10… +15, күндүз +31… +36, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17… +22, күндүз +31… +36, Нарын аймагында түнкүсүн +8… +13, күндүз 20+… +25, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9… +14, күндүз +18… +23, Бишкек шаарында түнкүсүн +16… +18, күндүз +31… +33 градус болот.



