Бишкек шаарында УТРКнын редактору программа тартып жатканда сабалды. Бул тууралуу каналдын башкы директору Улан Сатиев билдирди.
Аталган окуя жарандардын кайрылуусу боюнча программа тартылып жатканда болуп, УТРКнын «Телекүзөт» программасынын редактору Жээнбай Каракүчүков сабалган.
Сатиев мамлекеттик телеканалдын кызматкеринин сабалышы жазасыз калбашы керектигин белгиледи.
Ички иштер министрлиги иш боюнча текшерүү башталып, Бишкек милициясы 31 жаштагы шектүү кармалганын билдирди. Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде иш козголду.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



