7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сабина Сайгундун чыгармалары Түркияда окурмандардын назарына сунушталды

17

Кыргызстандын Жазуучулар союзунун ардактуу мүчөсү, жазуучу Сабина Сайгундун чыгармалары Түркияда окурмандардын назарына сунушталды.

Жазуучунун китептери Стамбул шаарындагы «Полторы комнаты» китеп дүкөнүндө жана Анталиядагы Jiraf Coffee & Book маданий китеп мейкиндигинде жайгаштырылып, заманбап орус тилдүү адабиятка кызыккан окурмандар үчүн жеткиликтүү болду.

Автордун айтымында, анын негизги максаты – Кыргызстандын заманбап адабиятын дүйнөгө таанытуу жана Кыргызстан, Азербайжан менен Түркиянын ортосундагы адабий-маданий кызматташтыкты чыңдоо.

Сабина Сайгун китеп адамдарды тилге, улутка жана мамлекеттик чек араларга карабастан бириктире аларын белгилеп, адабият аркылуу элдердин өз ара түшүнүшүүсүн жана маданий байланыштарын бекемдөөгө болот деген ишенимин билдирет.

Бүгүнкү күндө жазуучунун чыгармалары Кыргызстан, Азербайжан жана Түркиядагы китеп дүкөндөрүндө окурмандардын назарына сунушталууда. Бул анын чыгармачылыгынын эл аралык деңгээлде таанылышы менен катар өлкөлөр ортосундагы маданий алакаларды өнүктүрүүгө кошулган салым катары бааланууда.

Учурда Сабина Сайгун жаңы чыгармалардын үстүндө иштеп, окурмандар менен жолугушууларды өткөрүп, эл аралык адабий долбоорлорду ишке ашырууну улантууда.

18