Акыркы убакта туристтердин эс алууну алдын ала эмес, сапарга бир-эки жума калганда пландоо тенденциясы күчөдү. Expedia Group маалыматына ылайык, быйыл жылдын биринчи чейрегинде сапарга 7–13 күн калганда жасалган издөө сурамдары былтыркыга салыштырмалуу 25 пайызга өскөн.
Мындай шартта Түркия акыркы мүнөттө эс алууну уюштуруу үчүн ыңгайлуу багыттардын бири болуп саналат. Жайкы сезондун узактыгы, мейманканалардын кеңири тандоосу, сезондук арзандатуулар жана тейлөө сапаты туристтерге сапарын кыска убакытта пландаганга мүмкүнчүлүк берет.
Өлкөнүн эң популярдуу багыттарынын бири -Анталия. Жылына 300 күндөн ашуун күн тийген аймак Түрк Ривьерасынын борбору катары белгилүү. Белек, Кемер жана Сиде курортторунда заманбап мейманканалар, СПА борборлору, ресторандар жана спорттук инфраструктура бар. Анталия 232 Blue Flag эл аралык экологиялык сертификатына ээ пляждары менен да айырмаланат. Капуташ, Патара жана суу алдындагы байыркы Кекова шаары туристтер арасында өзгөчө популярдуу. Эгей жээги болсо тарыхый жайлары, бутик-мейманканалары, зайтун майы, деңиз азыктары жана жергиликтүү шараптары менен белгилүү. Чанаккале, Троя, Ассос, Бозжаада, Айвалык, Измир, Чешме жана Алачаты сыяктуу аймактар маданий жана гастрономиялык туризм үчүн кызыктуу.
Ал эми Бодрум, Датча, Мармарис жана Фетхие тунук деңизи, «Көк саякат» яхта багыттары жана жогорку деңгээлдеги тейлөөсү менен айырмаланат.
Жайкы сезон күзгө чейин уланып, акыркы мүнөттөгү сунуштар жеткиликтүү болуп турган учурда Түркия жаратылышы, маданий мурасы жана сапаттуу тейлөөсү менен эс алуу үчүн популярдуу багыт бойдон калууда.




