Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Кант асфальт-бетон заводундагы жол куруу иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, курулушта ресайклинг технологиясы колдонулууда. Анын негизинде жолдун эски асфальт катмары атайын техника менен ошол жерде кайра иштетилип, ага шагыл жана башка материалдар кошулат. Даяр болгон негиздин үстүнө жаңы асфальт төшөлөт.
Бул ыкма эски материалдарды кайра колдонуу аркылуу курулуш чыгымдарын азайтып, жаратылыш ресурстарын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле жол куруу жана оңдоо иштерин тездетүүгө шарт түзөт.
Министр заманбап технологияларды колдонуу мамлекеттик каражатты үнөмдүү пайдаланууга жана жол куруунун сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.



