7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Корумду чокусунда дайынсыз болгон альпинисттердин чатырлары табылды

219

Корумду чокусунда дайынсыз болгон альпинисттердин чатырлары табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн Алай районундагы Корумду чокусуна чыккан, байланышка чыкпай жаткан альпинисттердин чатырларын ӨКМдин куткаруучулары табышты.

Бул тууралуу министрлик саат 11:20га карата маалымат берди.

Издөө иштерин улантуу үчүн Чоң-Алай райондук №88 ӨКБдан 5 куткаруучу, Чек ара кызматынан 5 кызматкер жана Швейцариядан 2 ыктыярчы жөнөп кетти. Кечээ издөө иштерине чыккан ӨКМдин 8 куткаруучусу 5000 метр бийиктикте түнөп калган.

«Дайынсыз болуп жаткан альпинисттердин экөө-Беларустун, бирөө -Литванын жараны. Издөө-куткаруу иштери уланууда»,-деген Эдуард Кубатов.

220